AMSRSF

Автоспорт жана картинг

Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт мастери

  • Автомобиль спорту боюнча дүйнө чемпионатында 1-3 орун.
  • Автомобиль спорту боюнча дүйнө кубогунда 1-2 орун.
  • Автомобиль спорту боюнча Европа же Азия чемпионатында 1-2 орун.
  • ФИАнын календарына киргизилген эл аралык мелдештерде, төмөнкү дисциплиналар боюнча 1-3 орун: ралли-рейд (Дакар сериясы), автомобиль баха, автомобиль ралли, автомобиль кроссу жана картинг, дрифт жана джимхана — кеминде 5 өлкө катышуусу менен.

Кыргыз Республикасынын спорт мастери

  • КРдин чемпионатынын жыл жыйынтыгы боюнча 1-2 орун (кеминде 3 этап, 2 ар кайсы регионунда, эсептик топто 10дон ашык спортчунун катышуусунда, мурунку наам ыйгарылгандан кийин).
  • КРдин чемпионатынын жыл жыйынтыгы боюнча 1 орун (кеминде 3 этап, 2 ар кайсы регионунда, эсептик топто 10 спортчудан кем эмес катышуусунда, мурунку наам ыйгарылгандан кийин).
  • КРдин кубогунун жыл жыйынтыгы боюнча (автомобиль кроссу, автомобиль ралли, картинг, кышкы трек автомобиль жарыштары, дрифт, джимхана, автослалом, драг-рейсинг, ралли-рейд, трофи-рейд боюнча, ТР-2, ТР-3, ATV класстары) 1 орун (кеминде 3 этап, 2 ар кайсы регионунда, эсептик топто 10 спортчудан кем эмес катышуусунда, мурунку наам ыйгарылгандан кийин).

Кыргыз Республикасынын спорт чебердигине талапкер

  • КРдин чемпионатынын же кубогунун жыл жыйынтыгы боюнча 1-3 орун (кеминде 3 этап, 2 ар кайсы регионунда, эсептик топто 10дон ашык спортчунун катышуусунда, мурунку наам ыйгарылгандан кийин).

I разряд

  • КРдин чемпионатынын же кубогунун жыл жыйынтыгы боюнча 1-7 орун (кеминде 3 этап, 2 регионунда, эсептик топто 10дон ашык спортчунун катышуусунда, мурунку наам ыйгарылгандан кийин).
  • КРдин чемпионатынын же кубогунун жыл жыйынтыгы боюнча 1-5 орун (кеминде 3 этап, 2 регионунда, эсептик топто 10 спортчудан кем эмес катышуусунда, мурунку наам ыйгарылгандан кийин).
  • Биринчиликтин, областтык же шаардык мелдештин жыл жыйынтыгы боюнча 1-2 орун (кеминде 3 этап, эсептик топто 10 спортчудан кем эмес катышуусунда, мурунку наам ыйгарылгандан кийин).

II разряд

Чемпионатта, Кубокто, Биринчиликте, расмий областтык же шаардык мелдеште 3 финиш болгондо аткарылган деп эсептелет (эсептик топто 10 спортчудан кем эмес катышуусунда, мурунку наам ыйгарылгандан кийин).

III разряд

Чемпионатта, Кубокто, Биринчиликте, расмий областтык же шаардык мелдеште 2 финиш болгондо аткарылган деп эсептелет (эсептик топто 7 спортчудан кем эмес катышуусунда).

Жаш өспүрүмдөр разряддары (6–14 жаш)

I жаш өспүрүмдөр разряды

  • КРдин чемпионатынын же кубогунун жыл жыйынтыгы боюнча 1-7 орун (кеминде 3 этап, 2 регионунда, эсептик топто 10дон ашык спортчунун катышуусунда, мурунку наам ыйгарылгандан кийин).
  • КРдин чемпионатынын же кубогунун жыл жыйынтыгы боюнча 1-5 орун (кеминде 3 этап, 2 регионунда, эсептик топто 10 спортчудан кем эмес катышуусунда, мурунку наам ыйгарылгандан кийин).
  • Биринчиликтин, расмий областтык же шаардык мелдештин жыл жыйынтыгы боюнча 1-2 орун (кеминде 3 этап, эсептик топто 10 спортчудан кем эмес катышуусунда, мурунку наам ыйгарылгандан кийин).

II жаш өспүрүмдөр разряды

Чемпионатта, Кубокто, Биринчиликте, расмий областтык же шаардык мелдеште 3 финиш болгондо (мурунку наам ыйгарылгандан кийин) аткарылган деп эсептелет (эсептик топто 10 спортчудан кем эмес катышуусунда).

III жаш өспүрүмдөр разряды

Чемпионатта, Кубокто, Биринчиликте, расмий областтык же шаардык мелдеште 2 финиш болгондо аткарылган деп эсептелет (эсептик топто 7 спортчудан кем эмес катышуусунда).